• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Атада 2,5 гектар аянттагы кара куурайды өрттөштү

Коом 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Ысык–Ата районундагы 2,5 гектар жер кара куурайдан тазаланганын, Чуй облустук Ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, жапайы кара куурай өсүмдүгү “МАК-2017” ыкчам алдын алуу рейдинин жүрүшүндө табылган. Ал жерге милиция кызматкерлери жиберилип, жыйналган кара куурай толугу менен өртөлгөн.

Мындай рейддик иш-чаралар Чүй облусунун бардык аймактарында болорун Чүй облустук ички иштер бөлүмүнөн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий