• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ысык-Атада 23 баш кой уурдалган. Шектүүлөрдүн бири үй ээсинин баласы болгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Ысык-Ата районунда мал уурдоо фактысы катталып, шектүүлөрдүн бири үй ээсинин баласы экени аныкталган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-декабрь күнү Ысык-Ата РИИБине 1967-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрынан 30-ноябрына чейинки убакыт аралыгында арыз ээсинин меринос тукумундагы 23 баш коюн белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБнин Новопокровка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 1992-жылы туулган Э.И. жана 1991-жылы туулган Н.С. аттуу жарандар кармалган.

Кармалгандардын бири арыз ээсинин баласы экени аныкталып, ал койду сатып, бирок атасына айтпаганы маалым болгон.

Учурда териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий