• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ысык-Атада 78 баш кой уурдалган. Шектүү Оштон кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Ысык-Ата районунда 78 баш кой уурдалган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-март күнү Ысык-Ата РИИБне Новопокровка айылынын 1963-жылы туулган жашоочусу Д.Ж. арыз менен кайрылып, малчысы көп сандагы мал жандыктаны уурдап белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда, 2021-жылдын январь айында арыздануучу 20-25 жаш курактагы эркек баланы малчы кылып жалдап, экөө ооз эки түрдө келишим түзүшкөн. Малчы Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылы тараптагы сарайлардын биринде малдарын багып жүргөн.

Үстүбүздөгү жылдын 13-март күнү ээси малынан кабар алганы барып, санаган учурда 78 баш кой жок болуп чыккан. Ал ички иштер органдарына кайрылган. Ал учурда малчысы белгисиз тарапка из жашырып кеткени маалым болгон.

Чүй облустук ИИББнин жана Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан комплекстүү ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы малчы болуп иштеген бала Ош облусунун аймагында жүрүшү мүмкүн деген ыкчам маалыматтар алынган.

Жогорудагы маалыматтын негизинде шектүү жаранды колго түшүрүү максатында кызматкерлер Ош облусуна чыгышкан. Чүй облусунун ИИББнин жана Ысык-Ата РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш амалдырынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1993-жылы туулган С.Р. аттуу жаран Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен кармалган. Учурда уурдалган малдарды сатып алган жарандын да өздүгү такталган.

Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жарандын дагы 5 алдымчылык фактысына тиешеси бар экендиги такталган. Ал айыл тургундарынын ишенимине кирип, бодо малдарды сатып берүү үчүн алып ошол боюнча из жырып кеткени аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий