• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Атада атасы баласын өлтүрүп, сөөгүн короого көмүп салган

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Ысык-Атада атасы баласын өлтүрүп, сөөгүн короого көмүп салган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБине Ж.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда ал 35 жаштагы И.Р. аттуу жолдошу үстүбүздөгү жылдын 8-августунда үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө дайынсыз болгон И.Р. Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылындагы ата-энесинин үйүнө баргандыгы аныкталып, анын сөөгү үйдүн короосуна көмүлгөн жерден табылган.

Кылмышка шектелип И.Р.нын атасы 1963-жылы туулган И.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө ишинин жүрүшүндө кылмыш үй-бүлөлүк чырдын жана ата-баланын өз ара урушунун негизинде жасалганы аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий