• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Атада азык-түлүк саткан дүкөн толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/.Ысык-Атада азык-түлүк саткан дүкөнү күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 25-майда саат 14:16да Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын Г.Ильин көчөсүндө жалпы аянты 200 чарчы метр болгон азык-түлүк саткан “Амина” дүкөнү толук күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий