• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Атада бала бакча жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Ысык-Ата районунда бала бакча жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Ата филиалынын “Кадастр” мамалекеттик мекемесинде КР “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сакталышына текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө Интернациональный айыл өкмөтүндө мурда мамлекет тарабынан бала бакчанын имараты курулуп, бирок ал айыл өкмөтүнүн балансында турбагандыгы, аталган имарат тийишүү документсиз жеке жарандар тарабынан иштетилип келгендиги аныкталган.

Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан мыйзам бузуучулукту четтетүү сунушу келтирилип, анын жыйынтыгы менен Интернационал айылындагы бала бакчанын имараты, ага тиешелүү жалпы аянты 4753м 2 болгон жер тилкеси мөөнөтсүз пайдаланууга Интернационал айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине 11 млн сомго бааланып өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан катталып, жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актысы ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий