• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Атада бир катар уурулукка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Ысык-Ата районунун аймагында бир катар уурулукка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун милициясына жергиликтүү тургундар белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан, алар анда ушул жылдын март айынан бери үйлөрүнө кирип акча, алтын буюмдарын, унаанын дөңгөлөктөрүн, дисктерин жана койлорун уурдап кетишкендигин билдирген.

Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө 1975-жылы туулган Р.Р. жана 2002-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар кармалып, Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кармалган адамдардын Ысык-Ата районунун аймагында дагы ушундай 5 кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий