• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Атада Чоң Чүй каналына 17 жашар бала чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Ысык-Атада Чоң Чүй каналына 17 жашар бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымака ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында Чоң Чүй каналына 2004-жылы туулган Ч.А. аттуу бала чөгүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында баланын сөөгү туугандары тарабынан табылган

Пикир

Оставить комментарий