• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ысык-Атада дайынсыз жоголгон Надежда Санникова изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1995-жылы туулган Санникова Надежда Александровнага издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал 2020-жылдын 20-августунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, чачы узун далысына чейин, сары түстө, чап жаак, көзү көк.

Кийимдери: үстүндө көк түстөгү футболка, чолок шым, боз түстөгү жайкы бут кийим.

“Надежда Санникованын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 61-69-07, 0(708) 10-21-10”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий