• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ысык-Атада күйөөсү мас абалында аялын атып алды

Аймак 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Ысык-Ата районунун Ивановка айылында күйөөсү мас абалында аялын атып алды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жарадар болгон аял ооруканага жаткырылды. Кылмышка шектүү убактылуу тергөө абагына камалды.

Учурда ок кандай куралдан атылганы такталып жатат.

Окуя боюнча "Бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды.

Милициянын маалыматына караганда, 25-декабрда 35 жаштагы А.В. достору менен спирт ичимдигин ичип отуруп, куралдан ок чыгарып аялынын көкүрөгүнө тийген.

Пикир

Оставить комментарий