• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Атада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Ысык-Атада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-августта Ысык-Ата РИИБне Новопокровка айылынын 1978-жылы туулган Ш.О. аттуу тургунунун сөөгү өзүнүн үйүнүн короосунда табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында кылмышка шектелип өлгөн адамдын аялы, 1983-жылы туулган Ш.Ю. кармалган.

Учурда шектүү убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Кылмыш ичкиликтен келип чыккан уруштун айынан болгондугу аныкталды.

Тергөө уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий