• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Токмокто кыз ала качууга шектелип 4 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Токмокто кыз ала качууга шектелип 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда болжол менен 11:28дер чамасында райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адамдар 2003-жылы туулган Б.Г. аттуу кызды ала качканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 175-беренеси (“Никеге туруу максатында кыз ала качуу”) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө аталган кыздын өздүгү аныкталып, ал Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринен табылган.

Андан ары иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмышты жасоого шектелип 1998-жылы туулган С.А., 1991-жылы туулган Т.М., 1999-жылы туулган Т.К. жана С.М.лар кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, кыз 17-октябрда Токмок шаарында курдашынын тоюнда ала качкан балдардын бири менен таанышкан, кийин ал кыздын макулдугусуз достору менен никеге туруу максатында кызды ала качып кеткен.

Азыркы учурда жабырлануучу Б.Г. милиция кызматкерлери тарабынан ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Кармалгандар Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий