• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Атада мал уурулукка шектелип эки жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Чүй облусунун эки жараны мал уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Берилген маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун милиция бөлүмүнө 59 жаштагы Д.Э., аттуу жергиликтүү жаран арыз менен кайрылган. Ал декабрь айынын ортосунда анын ири бодо малын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Малдын баасын ээси 70 миң сомго баалаган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки тергөө башталган.

Тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралардын алкагында 24 жана 27 жаштагы Б.И., жана О.З., аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

“Учурда кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий