• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Атада милиция студенттер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Ысык-Ата райондук милициясы студенттер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги Коомдук коопсуздук кызматынын жана милициянын көчмө кабылдамасы менен биргеликте Кант шаарында жайгашкан Азия медициналык институтунун жогорку кесиптик билим берүү мекемесинде болушту, анда студенттер арасында алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө Ысык-Ата районунун жетекчилиги жана милиция кызматкерлери катышуучулардын көңүлүн коомдук тартипти милдеттүү түрдө сактоо зарылдыгына буруп, жаштар арасында кеңири тараган мыйзамсыз аракеттер тууралуу маалымат берип, укук бузуулар жана кылмыштар үчүн жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүштү.

Жыйындын соңунда институттун студенттери жана окутуучулары иш-чаранын темасы боюнча кызыктырган суроолорун берип, мазмундуу маек куруп берген милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий