• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Атада милиционерди өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Коом 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Ысык-Ата районунда милиция кызматкерин өлтүрө сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Шектүү деп кармалган 39-жаштагы К.А. аттуу жаран Ысык-Ата районунун соту тарабынан убактылуу кармоо жайына бир айга камакка алынды.

Андан тышкары аны менен бирге унаада эки жүргүнчү – Кочкор районунун тургундары болгондугу аныкталды.

Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, 2019-жылдын 10-январында болжол менен саат 01:00 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Торугарт айлампа жолунан он алтынчы чакырымынан автоунаа адамды сүзүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жөө жүргүнчү жол кырсыгы болгон жерден жан берген. Териштирүү учурунда каза болгон адам – Нарын облусунда милицияда иштеген 37 жаштагы Күнболот Касымалиев экендиги аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий