• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ысык-Атада тоодогу лыжа тебүүчү базанын чатыры күйдү(ФОТО)

Кырсык 0

Бишкек, 18.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 18-декабрында саат 6 :08де Ысык-Ата районунунТогуз-Булак айылындагы Тоо лыжа тебүүчү базасында эки кабаттуу коттедж күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрттүн кесепетинен катедждин аянты 80 чарчы метр темир менен жабылган чатыры жана жыгач устундуу мансард күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Ысык-Ата райондук өрт –куткаруу бөлүмүнүн 6 кызматкери,Тоо лыжа тебүүчүнүн базасынын башчысы Р.Тегай жана Тоо лыжа тебүүчү базасынын 4 жумушчусу тартылып, өрт саат 10:55 те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кетип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий