• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Атада турак үй толугу менен күйүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Ысык-Атада турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 11-январь күнү саат 01:32де Ысык-Ата райондук ӨКБнүн байланыш түйүнүнө Туюк айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 180 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Жерине өрт өчүрүүчү бир бөлүм тартылып, саат 02:27де өрттү чектөөгө алып, 03:53тө толук өчүрүштү.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий