• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Атада жабырлануучунун 60 кап унун алып, изин жашырып жүргөн шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына 23 жаштагы К.З. аттуу жергиликтүү жаран арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 10-июнь күнү чала тааныш бала анын ишенимине кирип, алдоо жолу 60 кап унун алып, ошол боюнча из жашырып жүргөнүн билдирген.

Келтирилген материалдык чыгым 110 миң сомду түзгөн. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчыдык") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун жана Ысык-Ата райондук милициянын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 30 жаштагы И.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда кармалган жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий