• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Атада жеңил унаа курал жарагы менен күйүп кетти – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 01.12.17. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш дачасында ичинде курал жарагы менен «Тойота Ленд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт таңкы саат 04:00 чамасында болгон. Өрттү өчүрүү үчүн бир өрт бөлүмү тартылган. Саат 06:40 чамасында өрт толугу менен өчүрүлгөн,-деп билдирет ӨКМ.

Маалыматка ылайык, унааны текшерүү маалында «Карабин Ветер» №161057 үлгүсүндөгү курал табылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий