• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Атадагы мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат

Билим 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мугалимдери үчүн инклюзивдик билим берүү боюнча квалификацияны жогорулатуу курсун уюштурат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Окутуу министрликтин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан март айында өткөрүлөт.

Аталган райондун атайын мектеп-интернаттарында билим алып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кадимки мектептерге которуу пландалган. Андыктан мугалимдердин өзгөчө муктаждыктагы окуучулар менен иштешүү потенциалын жогорулатуу талапка ылайык.

Учурда Ысык-Ата районунда жайгашкан Дмитриевка жана Красная Речка көмөкчү мектеп интернаттарындагы 12 бала жашаган жери боюнча мектептерге которулган. Бул иштер интернат тибиндеги балдар мекемелерин реформалоо планынын жана инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү концепциясынын алкагында жасалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий