• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көл айланма жолун оңдой турган компания белгилүү болду

Коом 0

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Ысык-Көл айланма автожолунун 104-184,5-чакырымдарын реконструкциялоо боюнча консультанттык компанияны тандоо иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Корумду айылынан Балбай айылына чейинки жолду реконструкциялоо боюнча өткөрүлгөн конкурсту PACE компаниясы утуп, ал менен келишимге кол коюлду.

Долбоор Араб координациялык тобу тарабынан 93,9 млн доллар жана министрлер кабинети тарабынан 12,1 млн доллар өлчөмүндө каржыланууда. Долбоордун жалпы наркы 106 млн долларды түзөт.

Учурда насыялык макулдашууларды ратификациялоо боюнча бардык мамлекеттик ички процедуралар аяктады. Курулуш иштерине подрядчыны тандоо процедуралары жүрүп жатат.

Иштер 2023-жылдын курулуш сезонунда башталып, 2026-жылы аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий