• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл: айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн 30 млн доллар инвестиция тартылат

Аймак 0

Бишкек, 19.03.22. /Кабар/. 18-мартта президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов жана Кореянын “Хансонг” компаниясынын жетекчиси Ким Сонг Чан облустун айыл чарба тармагын өнүктүрүү багытын талкуулашты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ким Сонг Чан 3 жыл ичинде айыл чарба тармагына 30 млн доллар инвестиция салып, Ак-Суу районуна ири МТС курууга даяр экенин айтып, долбоору менен тааныштырды. Ага ылайык, 3 жыл ичинде районго 100 даана трактор алып келүү максатталууда. Ошондой эле кайра иштетүүчү завод жана логистикалык борбор курулат.

“Биз жаңы идеяларга ачыкпыз, жаңыча иштөөгө дайым даярбыз. Башкы максатым – Ысык-Көл облусун өнүктүрүп, туризм гана эмес, айыл чарба багытына дагы басым жасоо. Учурда жаңы технологияларды колдонуу менен бул багытты өнүктүрсөк болот. Ак-Суу районунда былтыр картошканын түшүмү 250 миң тонна болгон, эгерде үрөндү жана техниканы жакшыртсак түшүмдүүлүк артат. Аны кайра иштетсек, киреше 4 эсе көп болот”, - деди облус жетекчиси Сулайманов.

Пикир

Оставить комментарий