• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көл Баткенди ири эсепте утту – Көк бөрү боюнча КР чемпионатынын экинчи күнү жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 30.10.18./ Кабар/. Бүгүн Ош шаарында көк бөрү боюнча КР чемпионатынын экинчи айлампасы болуп өттү. Экинчи күндүн жыйынтыктары тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Ош облусунун командасы Бишкектин курамасын 6:4 эсебинде жеңди. Кечээ күнү да борбор калаанын курамасы Чүй облусуна утулуп, 10 салым салдырып койгон.

Жалал-Абад облусунун командасы Нарындын командасы менен бет келишип, аларды 9:1 эсебинде утуп алды. Бирок, ага чейин алар Оштун командасынан жеңилген эле (1:4).

Акыркы оюнда Ысык-Көл облусу Баткен облусун 23:4 эсебинде жеңип алды.

Мелдеш Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына арналып, “Төлөйкан” стадионунда өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий