• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 100 миңинчи жүргүнчүсүн тейледи

Коом 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн, 20-ноябрда 100 миңинчи жүргүнчүсүн тейледи. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүргүнчү 2021-жылдын 20-ноябрында “Аэрофлот” авиакомпаниясынын каттамы менен Москва шаарына учуп жаткан Чолпон Жумабаева болгон.

Бул тарыхый окуя себеби - «Ысык-Көл» аэропорту алгачкы жолу 100 миң кишилик чектен ашты. Тактап айтсак, аэропорт 2021 - жылы миңден ашык рейсти тейлесе, бүгүн 100 миңинчи жүргүнчүсүн тейледи.

«Аймактардагы аэропортторубуз да өнүгүп, 100 миң кишилик чекке жеткенине кубанып турабыз Бул биз үчүн жакшы көрсөткүч. Биздин жүргүнчүбүздү чын дилимден куттуктайм», - деп "Манас» аэропортунун башчысы Бакыт Шаршеев.

Өз кезегинде, «Ысык-Көл» Эл аралык аэропортунун башчысы Алмаз Абдрахманов жүргүнчүнү куттуктап, ага бренд төш белгисин жана сувенирдик продукцияны тапшырды.

«Мындан ары да жүргүнчүлөрдүн коопсуз учуусу үчүн шарттарды түзүп, өнүктүрө бермекчибиз», - деп билдирди А. Абдрахманов.

«Аэрофлот» авиакомпаниясынын өкүлү Алиса Васильчикова Россиядан Кыргыз Республикасына кайра кайтып келүү үчүн сертификат тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин «Ысык-Көл» аэропорту жайкы туристтик сезондо гана иштеп келсе, өткөн жылдан баштап жыл бою каттамдарды кабыл ала баштаган.

Пикир

Оставить комментарий