• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Ысык-Көл” аэропортунан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болот?

Аймак 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортуу" ААКнын басма сөз кызматы “Ысык-Көл” аэропортунан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болору тууралуу айтып берди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Россияга чартердик каттамдар (өзгөрүшү мүмкүн) аткарылууда.

Москва-Тамчы-Москва (Шереметьево) багыты боюнча “Аэрофлот” авиакомпаниясы тарабынан жумасына 5 жолу (дүйшөмбү, шейшемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү ) аткарылууда.

Москва-Тамчы-Москва (Домодедово) багыты боюнча учууну “Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (жекшемби күнү) аткарууда.

Москва-Тамчы-Москва (Жуковский) багыты боюнча учууну “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шаршемби күнү) аткарууда.

Москва-Тамчы-Москва (Домодедово) багыты боюнча каттамды “Сибирь” авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шейшемби күнү) аткарууда.

Санкт-Петербург-Тамчы-Санкт-Петербург багыты боюнча учууну “Nordwind Airlines“ авиакомпаниясы жумасына бир жолу (дүйшөмбү күнү) аткарууда.

Екатеринбург-Тамчы-Екатеринбург каттамы боюнча маршрутту “Аэрофлот” авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (ишемби).

Новосибирск-Тамчы-Новосибирск каттамы боюнча маршрутту “Сибирь” авиакомпаниясы жумасына 1 жолу жүргүзөт (жекшемби).

Сургут-Тамчы-Сургу багыты боюнча “Аэрофлот” авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шейшемби жана жекшемби күндөрү ) аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий