• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл эл аралык марафону жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды — сүрөт

Спорт 0

Чолпон-Ата, 14.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 14-майда Чолпон-Ата шаарында ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону өттү.

Марафондо ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары, Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана ышкыбоздор күчүн сынады. Жалпы 22 өлкөдөн келген дээрлик 3 миң жөө күлүк жана ышкыбоздор катышты. Жарышта ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана элчилер жүгүрүштү.

Спорттук иш-чарага катышкандар марафон — 42 чакырым 195 метр, жарым марафон — 21 чакырым 97 метр, 10 жана 3 чакырымга жүгүрүштү.

Мындан сырткары, 3 жана 10 чакырымга скандинавиялык басуу каралган.

Марафондун жеңүүчүлөрү:

Эркектер арасында:

1-орун — Шохрух Давлатов (2:28:01);

2-орун — Илья Тяпкин, (2:29:46);

3-орун — Бердигул Айтпай уулу, (2:33:36).

Кыз-келиндер арасында:

1-орун — Екатерина Тунгускова (2:46:14);

2-орун — Галина Якушева (3:14:02);

3-орун — Юлия Фернас (3:18:33).

Жарым марафондун жеңүүчүлөрү:

Эркектер арасында:

1-орун — Нурсултан Кеңешбеков, (1:07:06);

2-орун — Рахимжан Келманов, (1:08:43);

3-орун — Сергей Платонов, (1:08:56).

Кыз-келиндер арасында:

1-орун — Евгения Прокофьева (1:19:21);

2-орун — Ольга Немогай (1:20:23);

3-орун — Гүлшанай Сатарова (1:22:33).

Эл аралык мелдеш ШКУга мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү жана калк арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өттү.

Марафондун байге фонду 1 млн 534 миң сомду түзөт.

Эскерте кетсек, 2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий