• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл форуму дүйнөнүн Кыргызстанга болгон мамилесин өзгөрттү – уюштуруучулардын эскерүүлөрү

Коом 0


Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Эл аралык Ысык-Көл форумунда анын башатында турган улуу ойчулдарды эскеришти.

“Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” пленардык отурумунда биринчи аянтчанын диалогуна катышкан адамдардын тарыхый сүрөттөрү бар чакан тасма көрсөтүлдү.

I Ысык-Көл форумунун уюштуруучусу Рустем Хаиров дал ушул иш-чара дүйнөлүк коомчулуктун Кыргызстанга болгон мамилесинин оң жакка өзгөрүшүнө алып келгендигин белгиледи. Иш-чарадан кийин өлкөнү өнөктөш жана дос катары карап калышкан.

Маалымат үчүн: I Ысык-Көл форуму 1986-жылы 14-октябрдан 17-октябрга чейин өткөн. Анда Кыргызстандын берметинин жээгинде адабият, маданият, искусство тармагындагы дүйнөдөгү 18 залкар чыгармачыл инсан чогулган.

Алардын жолугушуусу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси боюнча өткөн жана анда келечектеги адамзаттын глобалдык көйгөйлөрү талкууланып, алар боюнча пикир алмашуу болгон.

Катышуучулардын арасында:

- Америкалык киноакадемиянын “Оскар” сыйлыгынын ээси, жазуучу, драматург, кинорежиссёр жана актёр Петр Устинов (Улуу Британия);

- АКШлык окумуштуу-футурологдор Олвин жана Хайди Тоффлер;

- Жазуучу-драматург, “REN-club” директору Артур Миллер жана Джэймс Болдуин (АКШ);

- Актёр Дэвид Болдуин (АКШ);

- Альфред Нобель атындагы сыйлыктын лауреаты Клод Симон (Франция);

- Рим клубунун башчысы Александр Кинг (Италия);

- Окумуштуу, педагог Аугусто Форти (Италия);

- Сүрөтчү Афеверк Текле (Эфиопия);

- Жазуучу Яшар Кемаль (Түркия);

- Жазуучу Лисандро Отеро (Куба);

- Ырчы, ккомпозитор Йомер Зульфу Ливанели (Түркия);

- Окумуштуу Федерико Майор (Испания);

- Музыкант Нарайана Менон (Индия);

- Окумуштуу Акбар Турсунов (СССР);

- Социолог Рустем Хаиров (СССР) жана Чыңгыз Айтматов (СССР).

Пикир

Оставить комментарий