• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көл форумунда азыркы замандын глобалдык көйгөйлөрүн талкуулашат – Раев

Коом 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Интеллектуалдардын эл аралык Ысык-Көл форумунда планетанын мыкты акылмандары азыркы замандын көйгөйлөрүн талкуулашат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине жазуучу жана драматург Султан Раев билдирди.

“Бул форум ал жакта Айтматовдун идеясынын ишке ашуусу менен айырмаланат. Айтматов жана заманбап дүйнөнүн чакырыктары. Өзүңүздөр билгендей, дүйнө азыр оор заманды башынан өткөрүп жатат. Бүгүнкү күндүн чакырыктары бизди ойго батырып жатат. Терроризм, экстремизм, экология көйгөйлөрү курч болууда”, - деди Раев.

Анын айтымында, биринчи эл аралык Ысык-Көл форуму өткөндө Айтматов келечек муунга дүйнөнү сактап калууга чакырык жасаган. Аскердик эле мааниде эмес, адеп-ахлактык, экологиялык, социалдык жана саясий мааниде.

“Мындан улам бул форумдун аябай принципиалдуу мааниси бар. Ага 140тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү чакырылган. Саясатчылар, маданият жана искусство ишмерлери, илимий интеллигенциянын өкүлдөрү жана мурдагы президенттер бул форумга катышат. Менин оюмча бул форум дүйнөлүк резонанс жаратат. Анткени ал жакта мыкты акылмандар чогулуп бүгүнкү күндүн жаңы чакырыктарын талкуулашат”, - деп кошумчалады Раев.

Сессиялык иш учурунда форумдун катышуучулары заманбап дүйнөнүн актуалдуу маселелери боюнча докладдарды жасашат.

“Айтматовдун көзү жок болсо да, анын идеясы тирүү. Айтматов бул дүйнөдөн кетип, бизге бир нече глобалдык масштабдагы суроолорду калтырып кетти. Биз аларга жооп табышыбыз керек. Менин пикирим боюнча форум маанилүү глобалдык маселелерди чечүү боюнча дүйнөлүк коомчулукка импульс берет”, - деп жыйынтыктады Раев.

Эске салсак, Интеллектуалдардын эл аралык Ысык-Көл форуму улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы түзүлгөн. Ал Чыгыштын жана Батыштын залкар интеллектуалдарын чогулткан.

Пикир

Оставить комментарий