• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл: Милиция кызматкерлерине зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча курстар өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлерине зордук зомбулукту алдын алуу боюнча курстар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 28-мартынан 2-апрелине чейинки аралыкта ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Нуржан Адылова жана Жылдыз Осмонова Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болушуп, шаардык жана райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине кесиптик денгээлин жогорулатуу боюнча сабактарды өткөрүшүүдө, зордук зомбулукту алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик менен биргеликте бул багытта иш-чараларды күчөтүү максатында алгачкы семинар курсу Балыкчы шаарынын мэриясынын жыйындар залында өткөрүлүп, семинарга Коомдук алдын алуу борборлорунун, билим беруу мекемелеринин, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Окуу семинарда катышуучуларга КРнын ченемдик укуктук актыларынын негизинде зомбулукка кабылган балдар үчүн укук тартибин жана сот адилеттилигин сактоо чөйрөсүндөгү базалык кызматтарды көрсөтүү боюнча стандарттык операциондук процедуралар, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык уполномоченныйларынын жана Балдар иштери боюнча участкалык инспекторунун күндөлүк колдонмо китепчени окууту жана презентациялоо жана жергиликтүү калк менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий