• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл милициясынын башчысы Улан Асанбаев кызматтан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.02.21 /Кабар/. Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Улан Асанбаев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим ИИМ башчысы Улан Ниязбеков тарабынан ведомствонун коллегиялык жыйынында айтылган.

Асанбаев коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кемчилик кетиргени үчүн жумуштан алынган.

Пикир

Оставить комментарий