• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында капиталдык оңдоо жумуштары 50%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында капиталдык оңдоо жумуштары 50% га аткарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, учурда бардык зарыл болгон демонтаждоо иштери аяктаган. Азыркы тапта дубалдардын каркастарын куруу жана дубалдарга шпатлевка тартуу жана шыптардын каркастарын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле электр монтаждоо иштери 50%га, терезе блокторун орнотуу - 100%, инженердик тармактар - 100%, күзөт-өрт сигнализациясы - 80%га аяктаган.

Бүгүнкү күнгө объектиге курулуш материалдарынын 70%ы жеткирилген, ишке тартылган жумушчулардын саны 50 адамды түзөт.

Бул саламаттык сактоо объектисинде COVID-19 диагнозу менен ооруган бейтаптар үчүн реанимациялык бөлүмгө бардык шарттары жакшыртыларын белгилей кетүү керек.

Пикир

Оставить комментарий