• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын реанимациялык бөлүмү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын реанимациялык бөлүмү ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус башчысы Балбак Түлөбаев катышты. Ал өз сөзүндө медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, жакынкы арада албан өзгөрүштөр күтүлүп турганын айтып өттү.

"Облус аймагындагы ооруканаларды оңдоп-түзөө иштерин улантабыз жана медиктерге жатакана салынып, материалдык жактан колдоо көрсөтүлөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, аталган бөлүм 25 койка орундук. 2020-жылдын 28-июлунда башталган. Жалпы сметасы 19 млн 370 миң сомду түзөт.

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан 9 млн 911 миң 750 сомго медициналык жабдыктарды алууга акча каражаты каралган.

Мындан сырткары, Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмү 60 койка орундуу. 2020-жылдын 27-июлунда ремонт иштери башталган, учурда оңдоо иштери толугу менен бүтүп, тиешелүү эмеректер алынууда. Жалпы сметалык баасы 16 млн 640 миң сом.

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан 7 млн 600 миң сомго медициналык жабдыктарды алууга акча каражаты каралган.Тоң аймактык ооруканасынын Кара-Коо бөлүмү 30 койка орундук. Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 15,0 млн.сом каралып, курулуш иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий