• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы жергиликтүү милициянын ишмердүүлүгүн текшерди

Аймак 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. 19-ноябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев ар бир шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө болуп, алардын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып чыкты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда облусттук милициянын башчысы ар бир ачылбаган кылмыштар боюнча жоопту болгон жетекчилердин отчетторун угуп, алар боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Андан тышкары, өздүк курамдын канчалык дээӊгелде кышкы форма менен камсыз болгонун, ошондой эле шаар жана райондук милициянын имараттары кышкы мезгилге кандай даярдыктарды көрүшкөнү боюнча маалыматтарды укту. Бардык аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча мөөнөттөр жана тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, КР Жогорку Кеӊешин шайлоо өнөктүгүн өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын президенти жана Ички иштер министрлиги тарабынан коюлган талаптарын аткарууда, жогорку уюшкандыкта жана жоопкерчиликте өткөрүү керектигин эскертип кетти.

Пикир

Оставить комментарий