• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облустук ИИБ ардагерлерди куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 9-май /Кабар/. Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата Ысык-Көл облустук ИИБ башчысы Октябрь Урмамбетов Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын, ооруктун катышуучуларынын үйлөрүнө барды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда ардагерлер жана ооруктун эмгекчилери согуштун катаал күндөрү, өмүр жолдору тууралуу айтып беришип, сүрөттөрүн көрсөтүшүп, өз акыл-насааттарын айтышты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Ысык-Көл облустук ИИБ Ардагерлер кеңешинин каттоосунда 1 фронтчу, 1 оорук эмгекчиси жана 2 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринин жесири бар. Алар облустук милициянын өзгөчө көңүл буруусунда турушат.

Ардагерлер менен жолугушууда Октябрь Урмамбетов биздин мекендештерибиздин бир канча мууну үчүн 9-май өзгөчө майрам экендигин белгиледи. Бул күнү биз согуш талааларында жеңиш үчүн салгылашкан эр азаматтарыбызды эскеребиз. Фронтчулардын арасында Ысык-Көл облусуна келип, укук тартибин коргоочулардын катарын толуктагандар да болгон. Согушта курчуган дал ушул адамдар жаш адистер менен тажрыйбаларын бөлүшүп, бүгүнкү күнү өздөрү ички иштер органдарынын ардагерлери болуп калышты.

Облустук милиция башчысы ардагерлерге бекем ден соолук, узак өмүр жана ачык асман каалады.

“Согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине жана ардагерлердин жесирлерине Ысык-Көл облустук ИИБ жетекчилигинин жана жеке курамынын атынан Жеңиш күнүнө карата акчалай сыйлыктар, азык-түлүк тапшырылды. Өз кезегинде ооруктун ардагери Ш.Аймамбетовго республиканын санаторийлеринин бирине жолдомо убада кылынды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий