• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облустук милициясы: Үй карантининин талаптарын бузган жарандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат

Аймак 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Ысык-Көл облустук милициясы үй карантининин талаптарын бузган жарандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Облустук милициядан белгилешкендей, милиция кызматкерлери коронавирус коркунучунан улам калк арасында өздүк гигиенаны жана дарыгерлердин кеӊештерин аткаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Өзгөчө кырдаал жарыялангандан баштап облустун ички иштер бөлүмдөрү тарабынан Жоруктар жөнүндө кодекстин 1191-беренеси (Өзгөчө кырдаал же аскердик абал режиминин талаптарын бузуу) менен 4 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, анын 3 иши Жазык-процедуалдык кодексинин 26-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен кыскартылган. Ошондой эле аталган кодекстин 1271-беренеси (Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын бузуу) менен 6 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, 4 иш боюнча өндүрүш уланууда. Текшерүү иш чараларын өткөрүү учурунда Бузуулар жөнүндө кодекстин 293-беренесинин (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) негизинде 16 протокол жана 150-беренесинин (Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу) талабына ылайык 1 протокол түзүлгөн. Натыйжада 3 жаранга эскертүү берилип, 13 жаранга 39 миӊ сом өлчөмүндө айыппул салынган. Негизги укук бузуулар үй карантинин талаптарын бузуу болуп эсептелинет.

"Үй карантин учурунда жарандар дарыгерлердин көрсөткөн талаптарын бекем сактап, үйдөн чыкпашы абзел. Эгерде үй карантинине алынган жаран жашаган жеринен чыгып кеткен учурлар аныкталса, мыйзамдын негизинде жоопко тартылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий