• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл облустук милициясында мамлекеттик желек күнү белгиленди

Аймак 0


Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында Кыргызстандын мамлекеттик желек күнүнүн 30 жылдык салтанатына арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Мекемедеги салтанат облустук милициянын борбордук аппаратынын өздүк курамынын катышуусунда Кыргызстандын гимнинин коштоосунда мамлекеттик желекти көтөрүүдөн башталды.

Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Канат Жумагазиев өзүнүн сөзүндө, Кыргызстандын мамлекеттик желеги – биздин улутубуздун сыймыгы болорун белгиледи. «Мындан туура 30 жыл мурун алгач бийик көтөрүлгөн кызыл желегибиз, ар бир атуулубуздун жүрөгүндө жоопкерчиликти, патриоттуулукту, мекенге болгон сүйүү сезимин ойготот. Бүгүнкү иш-чарабыз өсүп келе жаткан жаш муундарды мекенчилдикке, кыргыз элинин мамлекеттик символикаларын жана руханий баалуулуктарын урматтоо духунда тарбиялоо жагынан чоң мааниге ээ», - деп белгиледи ал.

Иш-чарада Кыргызстандын мамлекеттик туусунун тарыхы, мамлекетибиздин мамлекеттик символдорунун мааниси жана маңызы тууралуу кыскача маалымат берилип кетти. Салтанат облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Белгилеп кетсек, мамлекетибиздин символдорунун бири – Кыргызстандын мамлекеттик желеги 1992-жылдын 3-мартында бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий