• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облустук милициясынын башчысы Корея элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облустук милициясынын башчысы Канат Жумагазиев аймакка таанышуу сапары менен келген Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджени кабыл алды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда элчи чет мамлекеттик жарандардын, анын ичинен Кореядан келген туристтердин коопсуздугун камсыз кылууда кандай чаралар көрүлүп жаткандыгына кызыкты.

Өз учурунда облустук милициянын башчысы элчи Ли Вонджени жаӊы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалоо менен аны кызыктырган суроолорго жооп берди.

Анын айтымында, жайкы туристтик мезгилде чет мамлекеттик туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын бардык күчтөрү жана каражаттары тартылган. Өткөн жылдардын туристтик мезгилдеги жүргүзүлгөн ишмердүүлүктүн талдоосунун негизинде, бул жылы милициянын бул багытта жүргүзгөн иштерине тийиштүү кошумча иш-аракеттер киргизилген.

Коронавирус пандемиясынын шартында эс алуучулардын коопсуздугун жана саламаттыгын сактоо максатында милиция кызматкерлери иштелип чыккан алгоритмдин негизинде өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

Туристтерге кызматтарды сапаттуу жана өз убагында көрсөтүү максатында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик милициясынын базасында call-борбор уюштурулуп, анда чет мамлекеттик туристтер же эс алуучулар 0705 009102 номерине чалып, англис же орус тилдеринде коопсуз эс алуу, же болбосо аймакты жакшы билишпесе, ал жерден кандай багыт алуу боюнча бардык керектүү маалыматтарды ала алат.

Чет элдик туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн маалыматтык буклеттер даярдалып, аларда облустук ички иштер бөлүмдөрүнүн даректери жана телефондору гана эмес, ошондой эле аймактын кооз жерлери камтылып, алардын кыскача мүнөздөмөлөрү жана ага жетүүчү багыттар, ошондой эле санитардык эрежелер камтылган.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын ИИОнун кызматкерлерин 6 багытта, башкача айтканда, аялдарга карата кылмыштарды, киберкылмыштуулукту, өзгөчө абалдагы кылмыштарды, баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштарды тергөө жана компьютердик-техникалык, илимий экспертизаларды өткөрүү боюнча окутуу маселелери да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий