• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл облустук милициясынын жетекчилери эл менен жолугушууларды өткөрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Ысык-Көл облустук милициясынын жетекчилери элдер менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымактка ылайык, КР Ички иштер министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-декабрынан баштап Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, аймактын тургундары менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.

Аталган жолугушууларда милициянын аткарган ишмердүүлүгүү боюнча отчеттор берилип, андан сырткары орун алган көйгөйлөдү натыйжалуу чечилиши боюнча коомчулуктун талкуусуна маселелер коюлууда.

Ушундай жолугушуунун алкагында облустук милициянын башчысы Канат Жумагазиев Жети-Өгүз районунун тургундары менен кезикти.

Укук тартип маселелерин жана милициянын ишмердүүлүгүн талкулоо үчүн райондун тургундары жолугушууга келишип, ички иштер органынын жетекчилеринен, жеке эле аймакта эмес, облус боюнча орун алган криминогендик абал, кеңири кулач алып жаткан кылмыштардын түрлөрү жөнүндө мазмундуу маалыматтарды алышты.

Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы район тургундарына бүгүнкү күндө укук коргоо органдарында өткөрүлүп жаткан реформалар, 1-декабрдан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстер, элге сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө милициянын көчмө кабылдамаларынын ролу боюнча маалымат берди.

Ошондой эле коомчулуктун көңүлүн райондо орун алып жаткан мал уурулук, бирөнүн мүлкүн уурдоо фактыларына жана жол кырсыктарынын оор кесепетине да бурду. Жолугушууда жаш өспүрүмдөр арасындагы өз өмүрлөрүнө кол салуу жана мектеп рэкетчилиги боюнча көйгөйлөр да өзгөчө талкууга алынды.

Жолугушууга катышкан жарандар түздөн-түз облустук милициянын жетекчисине суроо берүүгө жана аларга мазмундуу жоопторду алууга толук мүмкүнчүлүк алышты.

"Мындай жолугушуулар мага да жана район тургундарына да өтө керек. Бүгүн менин дарегиме берилген суроолорго караганда элибиз кайдыгерликтен алыс болуп, жеке эле ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга эмес, райондун абалын жогору көтөрүүгө өздөрүнүн салымын кошууга даяр экендиг бизди өзгөчө кубандырат", - деди Канат Жумагазиев.

"Облустук милициянын жетекчилигинин көз карашы боюнча, мындай жолугуушулар эл менен милициянын ортосундагы байланышты бекемдеп, өзгөчө курч көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Райондун тургундарынан түшкөн бардык сунуштар каралып, алар боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Мындай форматтагы жолугушуулар Ысык-Көл облусунун башка шаар жана райондорунда да өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий