• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл облустук ооруканасына жаңы жогорку технологиядагы лифттер орнотулат

Коом 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Чүй облусунда Кыргызстанда биринчи SKY INDUSTRIAL GROUP көп тармактуу заводунун ачылышынын алкагында Ысык-Көл облустук ооруканасынын директору Мирбек Сагынбаевге жаңы технологиялык лифт орнотууга сертифкат берилди.

SKY INDUSTRIAL GROUP корпорациясынын директору Рахат Жунушбаеванын айтымында, бул кичинекей белек өлкөнүн өнүгүүсүнө болгон сый-урмат катары берилди.

“Буга чейин биз командабыз менен Ысык-Көл облустук ооруканасында болуп, ооруканага жаңы лифттерди орнотуу бейтаптарды дарылоодо айрым көйгөйлөрдү чечет деген ойго келгенбиз”, - деди ал.

Ошентип, жаңы лифттерди орнотууга берилген сертификаттын суммасы 3 млн 500 миң сомду түздү.

Мындан тышкары, корпорация башчысы завод жайгашкан Чүй облусунун Ленин айылындагы ирригация тутумун тазалоого 5 млн сом бөлгөнүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий