• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл облустук ооруканасында электрондук саламаттыкты сактоо киргизилүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында “Бейтаптардын электрондук медициналык картасын жана дары каражаттары менен медициналык саламаттыкты сактоо буюмдарынын эсеби боюнча автоматташтырылган системаны жүргүзүү” медициналык маалыматтык тутуму иш киргизилди.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сө кызматы билдиргендей, электрондук саламаттыкты сактоо бейтаптарды каттоону, медициналык документтерди алуу жана топтоштурууну жакшыртуу максатында киргизилди. Оорукананы материалдык-техникалык жактан камсыздоого, КР ССМ жана ММКФ электрондук документтерин жүргүзүү иштерине компьютердик жабдууларды сатып алууга 3 млн 159 миң сом бөлүнгөн.

Электрондук тутумду киргизүү процесси 3 баскычта өттү. Биринчи баскычта даярдоо, уюштуруу техникаларын сатып алуу, бардык түзүмдүк бөлүктөргө интернет аркылуу маалымат топтомун киргизүү иштери аткарылды. 2-баскычта оорукананын медициналык кызматкерлерин окутуу жана медициналык-маалыматтык тутумду ыңгайлаштыруу жүрдү. Ал эми 3-баскычта дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын эсебин автоматташтыруу тутуму иштелип чыккан.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл ооруканасында медициналык документтерди түзүүнүн жана дары-дармектердин, медициналык буюмдардын эсебинин электрондук тутуму толук түрдө ишке киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий