• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облустук прокуратурасы ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Ысык-Көл облустук прокуратурасы ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы Ысык-Көл облустук прокуратура органдары тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо багытында 23 текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 29 мыйзам бузуу аныкталып, аларды жоюу үчүн 22 прокурордук чара көрүү актылары келтирилип, 1 материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошондуктан, үстүбүздөгү жылдын 15-мартында облустук прокуратуранын демилгеси менен салык кызматынын, Ысык-Көл облусту өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын жана башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Ысык-Көл облустук прокуратура тарабынан бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнө укуктары жана фискалдык ошондой эле контролдук органдарынын мыйзамсыз кийлигишүүсүнөн коргонуу жолдору түшүндүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий