• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облустук соту 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 06.02.21. /Кабар/. Кечээ, 5-февралда КР Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакированын онлайн катышуусунда Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун 2020-жылдагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеге КР Жогорку сотунун төрайымынын орун басарлары Нургүл Асанова, Айнаш Токбаева, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиевдер катышты. Ошондой эле Ысык-Көл облустук сотунун төрайымы Гүлкайыр Алиева, анын орун басарлары, облустук соттун судьялары, шаардык, райондук, административдик соттордун төрагалары жана судьялары катышышты.

Жыйында биринчи инстанция сотторунун төрагалары өздөрүнүн каралган иштери боюнча жүргүзгөн талдоолору жана көрүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат менен тааныштырып, иштерди кароодо, соттордун иштерин уюштурууда жаралган кээ бир көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашты.

Андан соң облустук соттун төрагасынын орун басарлары ар бир судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда иштерди кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча маалымат менен тааныштырышты. Ошондой эле иштерди кароодо келип чыккан суроолор талкууланды.

Мындан тышкары, апелляциялык инстанцияга даттанылган соттук актылардын бузулушу жана өзгөртүлүшү боюнча талкуулар жүрзүлүп, биринчи инстанция сотторунун кетирген кемчиликтерине көңүл бурулду.

Ысык-Көл облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы боюнча төраганын орун басары Алмазбек Апышев райондук жана шаардык соттор тарабынан 431 жазык иш, 363 жоруктар жөнүндө иштер, 1623 соттук материалдар, ал эми апелляциялык инстацияда 94 жазык иш, 17 жоруктар жөнүндө иштер жана 104 соттук материалдар каралганын билдирди.

Ысык-Көл облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы боюнча төраганын орун басары Медер Жаныбековдун маалыматы боюнча 2020-жыл ичинде биринчи инстанция соттору тарабынан 3405 жарандык иш, 1036 соттук материалдар, Ысык-Көл облустук сотунда апелляциялык тартипте 221 иш жана 62 соттук материал каралган.

Кийинки кезекте Ысык-Көл облустук сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы боюнча төраганын орун басары Канат Аманов 2020-жылы Ысык-Көл областынын администартивдик соту тарабынан 179 экономикалык иш, 242 администартивдик иш, 85 соттук материалдар, ал эми апелляциялык инстацияда 20 экономикалык иш, 76 администартивдик иш жана 5 соттук материалдар каралганын айтты.

Ошондой эле кеңешмеде Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Абдулхаким Таштемиров 2020-жыл ичинде аткарылган иштери жана жергиликтүү сотторго бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы жөнүндө маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө сот адилеттигин жүзөгө ашырууда орчундуу болгон жагдайлар, ишти кароонун сапатын жакшыртуу, орун алган кемчиликтерди талдоо жана жоюу, мыйзамдардын талаптарын, Кыргыз Республикасынын судьясынын ар-намыс кодексин бекем сактоого, ошондой эле соттук иштерди кароонун сапатын жогорулатуу менен бирге иштердин кароосунун процессуалдык мөөнөттөрүн сактоо тууралуу көптөгөн маселелер талкууланды.

Кеңешменин ишине онлайн катышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова 2020-жыл өлкө үчүн оор жылдардан болгонуна карабай, сот системасы пандемия учурунда өз ишин токтотпостон жигердүү иштегендигин айтты. Ысык-Көл облусунун судьяларынын өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы көрсөткүчтөрү менен жетишкендиктерин жогору баалап, мындан ары дагы сот адилеттигин жүргүзүүдө ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий