• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 27-беренелерине негизденип жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын кызматында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн Асанбаев Болот Султанович курактык чегине жеткендигине байланыштуу анын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 7-февралынан тартып токтотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий