• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облустук театрын Жалал-Абаддык көрүүчүлөр жакшы кабыл алышты

Маданият 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын сахнасында Ысык-Көл облустук Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты драматург Жумабек Осмоновдун калемине таандык “Шабдаалы гүлү” аталышындагы спектаклин койду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган театрдын директору Курсант Абдрахмановдун айтымында, быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын урматына жаштарды адептүүлүккө, ыймандуулукка, маданияттуулукка тарбиялоо максатында, Ж.Осмоновдун тарбиялык мааниси өтө чоң спектаклин сахнага алып чыгышууда.

"Ушул эле спектаклди Ош шаарында эки күн койдук. Көрүүчүлөр жакшы келип беришти. Бүгүн Жалал-Абадда да көрүүчүлөр көп келишти. Келген көрүүчүлөрдү көрүп, Жалал-Абаддын жаштары спектаклди, театрды сүйөт экен, баалайт экен деп ойлоп калдым. Бизди жакшы маанайда, колдоп тосуп алган жалалабаддык көрүүчүлөргө жана Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын администрациясына терең ыраазычылык билдиребиз", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облустук театры түштүк аймагындагы гастролун улантып, эртең Кара-Суу шаарында болот.Театрдын жамааты жылдын аягына чейин бардык облустарды кыдырып чыгуу ниетинде.

Пикир

Оставить комментарий