• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл облусу боюнча үй карантининде 430 адам бар

COVID - 19 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусу боюнча үй карантининде 430 адам бар. Бул тууралуу облустук ыкчам штабдан билдиришти.

Штабдын маалыматына караганда, 103 адам облустагы обсервацияларда жатат. Алсак, Каракол шаарында - 13, Ак-Суу районунда - 16, Ысык-Көл районунда - 2, Түп районунда - 6, Тоң районунда - 1, Жети-Өгүз районунда - 21 жана Балыкчы шаарында - 44.

Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден бери облус боюнча коронавируска 1 миң 45 адамдан ПЦР-анализ алынган. Анын ичинен 12 адамда коронавирус аныкталган, ошондой эле 5 миң 323 адамдан экспресс-тест алынган, баарынын жыйынтыктары терс чыккан.

Азыркы учурда облустагы инфекциялык бөлүмдө коронавирус жуккан 12 бейтаптын экөө дарыланып жатат. Калган 10 бейтап дарылануудан кийин үй карантинине коё берилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-майга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1082ни түзөт. Алардын ичинен 735 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий