• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координаторуна эскертүү берилди

Аймак 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координатору Мирбек Сагынбаевге Саламаттык сактоо министрлигине туура эмес маалымат бергендиги үчүн эскертүү берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, саламаттык сактоо координатору Мирбек Сагынбаев ооруканадан тышкаркы пневмония жана коронавирустан каза болгондор боюнча маалыматты текшерген эмес.

"17-июлга карата маалыматка ылайык Ысык-Көл облусунда ооруканадан тышкары пневмониядан бир бейтап - Жети-Өгүз районунун 67 жаштагы тургуну каза болгон", - деп билдиришти штабдан.

Эскерте кетсек, 17-июль күнү республикалык штаб 17 киши каза болгону тууралуу маалымат тараткан - ал туура эмес маалымат.

Пикир

Оставить комментарий