• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облусу Монголиянын Увс облусу менен кызматташтыкты бекемдейт

Аймак 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусу Монголиянын Увс облусу менен кызматташат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Монголиянын Увс облусунун губернатору Чулуун Чимед менен жолугушту.

Анда эки облустун ортосундагы кызматташуунун келечектүү багыттары, анын ичинде айыл чарба, туризм багытында тажрыйба алмашуу, биргелешкен ишканаларды түзүү жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды.

Сулайманов Бишкек менен Улан-Батордун ортосунда түз аба каттамынын ачылышы Монголиянын, анын ичинде Увс облусунун тургундарына курорттук дарыланууну уюштурууда туруктуу байланыштарды түзүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.

Ошондой эле инвестиция тартуу саясатына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, инвесторлордун маселелерин ыкчам чечүү механизмдери бар экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий