• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек. 04.04.19 /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында Ысык-Көл облусун аймактык өнүктүрүү боюнча Узак мөөнөттүү комплекстүү стратегиясын жана Планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү.

Иш-чарага өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилери, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышышты.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күнү Бүткүл дүйнөлүк банк менен биргеликте Ысык-Көл облусун өнүктүрүү Стратегиясы, ошондой эле Каракол-Балыкчы жолунун түштүк бөлүгүн жана «Каракол» эл аралык аэропортун реконструкциялоонун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат.

«Премьер-министрдин буйругу менен белгиленген милдеттерге жетишүү максатында үстүбүздөгү жылдын мартында жумушчу топ түзүлүп, курамына Өкмөттүн Аппаратынын жооптуу кызматкерлери, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары, Бүткүл дүйнөлүк банктын кызматкерлери жана көз карандысыз эксперттер кирген. Жумушчу топтун мүчөлөрү долбоор жөнүндө толук сунуштама алып жана өз ара кызматташуунун мындан аркы түрүн аныктоого тийиш», - деди Боронов.

Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк банктын Башкы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар Банк өз тарабынан аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатын колдой турганын баса белгиледи.

Мындан тышкары анын айтымында, бул маселе Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасы менен Өнөктөштүк стратегиясына киргизилген. Болормаа Амгаабазар кошумчалагандай, аймактык өнүктүрүү долбоорлору Ош жана Баткен облустары боюнча даярдалууда.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев аймакты комплекстүү өнүктүрүү узак мөөнөттүү стратегиясы жөнүндө бет ачар сунуштады. Анда ал артыкчылыктуу экономикалык долбоорлор жана облустун социалдык-экономикалык абалын талдоо тууралуу кеңири айтып берди.

Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү аймактык интеграциялык өнүктүрүү жана Ысык-Көл облусунун транспорттук каттамдары тууралуу маалымат сунушташты.

Кубатбек Боронов белгилегендей, долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, иштелип чыккан Стратегиянын модели республиканын башка аймактарына дагы киргизилет. Ал иштелип чыккан долбоорлорду Өкмөттүн регионалдык өнүктүрүү пландары менен интеграциялоо мүмкүндүгүн караштырууну жана аны сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий