• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду маданият тармагына 39 млн сом бөлгөн

Аймак 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. 2021-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу маданият тармагына 39 млн сом каражат бөлдү. Бул тууралуу фонддон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Тоң районундагы Төрт-Күл айылындагы (сметалык баасы 14 млн 933 миң сом) маданият үйүнүн курулушу аяктап, жаз мезгилинде колдонууга берилди. Ушундай эле маданият үйүнүн курулушу Темир-Канат айылында (сметалык баасы 17 млн 923 миң сом) башталды.

Балыкчы шаарынын (сметалык баасы 4 млн 500 миң сом) маданият үйү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ысык-Көл районунунун Чолпон-Ата шаарында КР мамлекеттик жана саясий ишмери Ж.Абдрахмановдун атындагы жаңы эс алуу паркы салынды (сметалык баасы 5 млн 686 миң сом).

Ошондой эле Каракол шаарында Ж.Абдрахмановдун жана К.Тыныстановдун эстеликтерин жана айланасын оңдоо иштери жүргүзүлдү (жалпы сметалык баасы 1 млн 900 миң сом). Пристань-Пржевальск айылындагы музейдин аймагына (сметалык баасы 3 млн 90 миң сом) жаңы эс алуучу жай уюштурулду.

Түп районунун Тасма айылындагы (сметалык баасы 16 млн 814 миң сом) маданият үйүнүн курулушу аяктоо алдында турат. Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы драма театрынын жана башка райондук маданият үйлөрүнүн материалдык техникалык базалары чыңдалды.

Мындан тышкары, облус боюнча 3 млн 900 миң сомго маданий иш-чаралар өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий