• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу шарттары өзгөрдү

Аймак 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун кире беришинде жайгашкан Ак-Кеме жана Кызыл-Омпол санитардык-карантиндик посттору алынды. Мындай чечим күн мурун, 5-августта облустук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында, санитардык-карантиндик посттордо иштеп жаткан медиктер жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер өз ордунда иш алып баруусу керек.

“Медиктер, райондук мамлекеттик администрация жана мэриялардын кызматкерлери кезек менен посттордо нөөмөттө туруп келишкен. Учурда алар өз ордуларында иштеши керек. Эгерде постторду иштетүүгө муктаждык болсо, бизде тиешелүү алгоритм бар”, - деп белгилеген облус жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий